РЕШЕТО - независимый литературный портал
Эгемберди Эрматов / Стихи

МАХАБАТ САПТАРЫ

26518 просмотров

 I

Көздөрүң жобар, кайдагы нурлар катылган?

Жийденин жыты бур этет кара чачыңдан.

Кылчайып карап дардисар кылдың, дардисар,

Азада бойуң алоо от беле, асыл жан?

 

Азгырык басып, капилет кайдан карадым?

Жанымды кыйнап далбаса кылды жамалың.

Ѳмүрүм өрдөп туш келдим туюк санаага, -

Даарысы кайда -кай жактан издеп табамын?

 

2

Дегдетип мынча жүрөктүн алдың ышкысын,

Сени да кудай илдетке ушул туш кылсын!

Көрүнчү кайра -оромол салып гүлү жык, -

Жолукчу, жаным, көйнөктүн кийип пуштусун.

 

Сай бойлоп басып булакка көздү чаялы,

Булактай таза сүйүүнүн баркы, баяны.

Суусардай болуп суйсалса, мага өмүрдүн

Түгөнбөс болуп туюла берет аягы...

 

3

Жийдедей жаштык курагың мени мас кылат,-

Арбадың неге алдымдан чыгып наз карап?

Айтамын кантип кусадар болдум сага деп,

 Күлгөнүң сырдуу - жүзүмдөн бүткөн нак шарап.

 

Периште болгон кейпиңди кайдан билесиң?

Уурданып менин түшүмө күндө киресиң...

Дүйнөнүн бардык жыргалын берип, өңүмдө,

Тозокко салган муз жүрөк кандай немесиң?

 

4

Кызгалдак өскөн талаада чуркап барасың,

Жайылып көккө, асманга тийип канатың...

Ашыглык аруу делебең козгоп кеттиби,

Мынчалык неге карай көз күйүп, жанасың?

 

Катылып жаткан кайдагы кумар, кайсы бук?

Жолукпай сага сарсаана болгом буулугуп.

 Шүүдүрүм сымал сүйүүбүз биздин чачылып

Торгойдун мукам үнүнө кетти жуурулуп...

 

 

5

Көңүлүм түшүп, көкүрөк сыры зилге жык.

Сени деп далай жигиттер жүрөт шыпшынып.

Бир жолу мага өптүрүп коюп жоголдуң...

 Өзөктү өрттөп, жүрөктү отко туш кылып.

 

Кеңкелес кылып кетти окшойт сенин шамалың,

Жер кезип чыксам кай жерден, кантип табамын?

Жылдыздай жылт деп колуңа конбойт кылактап,-

Шайтандан эстүү аялдын көрдүм амалын.

 

6

Миң жолу айттым: "Болду эми, жетет, муздадым!

Сүйбөгүн аны, жүрөктөн такыр сыз баарын..."

Таң атса кайра унутуп эңсей беремин,

Сүйүүнүн катаал бороонун, чапкын-ызгаарын...

 

Кайрадан кумар ташкындап жээк жемирет,

Самсыган санаа жүрөктүн четин кемирет.

«Болду эми, аны сүйбөймүн!" - деген ачуу кеп,

Кайрадан эле айтыла берет миң ирет.

 

7

Ойлоймун кээде-күлгүн жаш өмүр бир келет,-

Күйүткө чылап, кул кылып аны не керек?

А бирок сенин азабың тартпай калганда,

Тагдырым менин чел болмок экен капилет.

 

Бурулуп кетип мусапыр кылып кыйнаган,

Мунумду айтсам -көңүлүң мага бурбагын.

Азгырык болуп алыстан көзүң ымдагын,-

Жандырып салба жүрөктүн күчтүү ыргагын!

 

8

Чок салдың анык. Кызарып күйөт ошол чок.

Жүрөгүм ыйлап турганы менен ишиң жок.

Ѳрүлгөн чачың тор болду мага жайылган,

Кай жакка барсам - бастыра койбой жол тосот.

 

Өчөшкөн кандай өчүң бар экен, билбедим.

Жанымды кармап каалаган бийиң бийледиң.

Жалбырган сөздүн айттырып алдың далайын,-

Ачтырып алдың көмүскө жаткан ыр кенин...

 

9

Шыбырап айттың: "Жүрөгүм бердим башкага,

Көңүлүң бур деп сен эми мени кыстаба!"

Жашаймын кантип, дүйнөгө кандай сыямын?

 Сөздөрүң канжар, сөздөрүң сенин устара.

 

Сынадың балким, бул сөзүң жалган, күмөндүр!

Амалың курсун, апсана кылба, түгөнгүр.

Кокустан колдон сен учуп кетсең, оо анда,

Кум болуп жерге куюлуп калсын бул өмүр!

 

10

Айла жок. Тагдыр калчады мени чүкөдөй.

Ай-аалам баары мээримин салбай бүт өгөй.

Жамалың буруп жылдызың учса асмандан,

Канатың сынып турасың кантип түтөбөй?

 

Ким чыдайт буга? Курч албарс дата мертинет.

Зилзала болуп жандүйнөң далай серпилет.

Бир кезде менин койнумда жаткан кыз бурак

Баратат ана - башкага аяр эркелеп...

 

11

Унутам баарын, кайрадан келгин, кайрадан,

Ким кечип өтпөйт кумардуу сүйүү-дайрадан?

Айып сөз болсок мейлиге, укпай кой аны,-

Акмарал сымал жанымда жүрчү, дүрданам!

 

Бул өмүр тозуп, ойрону чыгар неме экен.

 Оюнга тойбой күн өтсүн келчи, көлөкөм!

Апкетсе бизди ашыктык оту -көк ирим,

 Жараткан эгем тазалайт бардык күнөөдөн...

 

12

Актанып эмне, көп сүйдүм сулуу аялды.

Ар бири бүтпөс, көркөмү ашкан баян бу.

 А бирок сендей пери жок экен дүйнөдө,

Таппастан жүрүп өмүрүм кыркты таянды.

 

Алдыда кандай күндөр бар бизге буйруган?

Көзүңдү көрсөм -жанарбы деймин, буйдалам.

 Кара нар болуп чөл безип кетким келет-ов,

Сүйүүнүн улуу эпкинин сезбейт майда адам.

 

13

Жолукпай сага жыл өттү. Башка мүнөзүң...

Башкача карап, башкача сүйлөп, күлөсүң.

Жалының издеп таппаймын мени өрттөгөн,-

Кыялың менен сен башка көлдө сүзөсүң...

 

Ишеним кайда? Шерттешкен сөздөр жел беле?

 От болуп келсем бычакты урдуң беделге.

Алдастай түштүм. Угулат бир үн кулакка:

 "Сабырдуу болгун, жашоодон тоюп түңүлбө!"

 

14

Көңүлүң таппай жасагам түркүн амалды.

Парпирек болуп туюкка жүрөк камалды.

Кызганам сага -бөлөгүн айтып не кылам,-

Чачыңды сылап өтсө да кокус желаргы.

 

Бирок сен менин сезбедиң тунук дилимди,

Сени деп жүрүп аруулап калган жинимди.

Башканы ээрчип бурулуп кеттиң -шол түнү,

Асмандан сан миң жылдыздар жерге кубулду...

 

15

Чыдаймын кантип? Досторум айтат: "Чыдагын!"

Каякка кетти маңдайда турган чырагым?

Кусадар болуп күйүттө өлөт окшоймун,-

Күлкүңө неге бал менен ууну чыладың?

 

Торуңду жайдың  кутулбас кылып тузактап...

Жарыгын, бербей, жаркыным, кеттиң узактап…

 Аман бол дайым, чөкпөсүн сенин көңүлүң,

Душмандар, мейли, сөз кылсын мени мазактап.

 

16

Таң атпайт такыр. Көзүмөн кетпейт элесиң:

Гүлбурак болуп капыстан күлүп келесиң...

Сурмалуу көзүң... Эндиксиз оттой илебиң...

Бейиштен чыккан ур кыздын кейпин бересиң.

 

Кылыгың кымбат, кучакка толуп эркелеп,

Ойнойсуң далай... Ээрибес үчүн эрк керек.

 От күйбөйт үйдө, төшөгүм муздак куту учуп,

Кайрылып мага келесиң качан бир ирет?

 

17

"Бал ачып берем", - деп айтат кемпир карыган.

"Азадам мени сүйөрүн айт!"-деп жалынам.

Тагдырга такыр ишеним сууп бүттү эле,

Үмүтүң түшкүр үзүлбөйт экен, не кылам?

 

Төлгөчү издеп ачтырдым далай бал китеп.

 Калп айтат баары: "Азадач кайра келет",- деп.

 Дайының чыкпайт, өмүрүм - барак чачылган,

 Чолом жок аны алууга сенсиз иреттеп.

 

18

Жылдыздар дагы тогошпой сыртын салганбы?

 Карарган куюн оп тартып барат ааламды.

Жараткан, неге каарың төгүп кыйнадың?

Жаркыным, келип жай таптыр менин санаамды.

 

Гүлазык болсун елесв жанга илебин,

Ак мамык болсун акактай жумур билегиң.

 Бүт дүйнө бизге бут тосуп каршы чыкса да,

Жолукчу мага мезгилдин таап бир эбин...

 

19

Саргара жорттум... Самаган майнап чыкпады.

Таш жүрөк болду, жалбарган сөзүм укпады.

Жетишет эми, азаптын дагы чеги бар,

Бир аял эмне, -дүйнөгө түркүк, туткабы?

 

Чыйралуу керек, дарманым бошоп турду эле.

Кол шилтеп басып кетсем не болмок мурда эле?

 Каардуу заман чыгарган эбак бүтүмүн:

"Жан дилден сүйсөң -өмүргө зыян, чоң күнөө".

 

20

Кумарым сага күкүктөп турат күнү-түн,

Миң жолу чангын, түк келбейт сенден түңүлгүм.

Дидарың башка... Кирпигиң ырга салам деп

Издедим далай сөздөрдүн назик, чуйгунун.

 

Биз кетсек артта безилдеп ушул ыр калат.

Сырыбыз биздин кыйырга чейин таркалат.

Биз балким шондо айланып эки жылдызга,

Табышмак болуп күйөбүз көктө жаркырап...

 

21

Ишенем кээде өлүмдөн кийин уланган

өмүр бар чексиз - сүйүүгө толсо кумар-жан,

Жанар тоо болуп сезимиң турса атылып,

Канатың жайып бийикте эркин учалсаң...

 

Сени деп ырдап тозокко түшсөм мейли мен.

Тааныштар айтат: "Бузулуп кеттиң пейлиңен..."

 Ашыглык үчүн арнадың жанды. Бул ырлар

кагазда калган жүрөктүн каны-бешбейнем.

 

22

Чачылган дүйнөм, мансабым болсо колумда,

 Шамчырак сымал күймөкмүн сенин оюңда.

Бүт баарын бердим - көңүлүң жибип калган жок.

Жараткан күбө -ээримек эле чоюн да.

 

Эмне кыл дейсиң, акыркы буйрук -өлүмбү?

Сүйөмүн деп кой - мен бузуп чыгам көрүмдү.

Булактай тунук агылып турам шыңгырап,

Гүлзарга бөлөп беремин бопбоз чөлүңдү.

 

23

Назарым түшөт үлбүрөп өскөн чөптөргө.

Айтышат алар: "өмүрдү бөөдө өткөрбө!"

Чымчыктар сайрайт: "Махабат жазы -ушул жаз!

Каныңды өрттөп, алаамат кылат бүт дүйнө..."

 

Башымды кайда катамын мындай кыяндан?

Ѳктөмдүк алдың көз ирмем кетпей кыялдан.

Аттырбай качып жүрөсүң тоодо, Акмарал,

Не болот менин колума тийген шыралгам?!

 

24

Калтырды көңүл досторум айткан эзме кеп,

Кайталап сенин атыңды айтам эжелеп:

Туюлат мага нурлардын тийген жарыгы,

Дарактын өсүп жатканы даана сезилет.

 

Ай-аалам шондо бир бүтүм болуп калат да,

Айланат жалаң шукшурган сүйүү-канатка.

Астыман менин жер көңүл барат, а бирок

Сен гана бийлеп турасың чалкар чанакта.

 

25

Көл болдуң чексиз. Жээгиңе сенин жетемби?

Толкунуң ташып тереңге чөгүп кетемби?

Өтөмбү өжөр көктүгүм кармап муюбай,

Алдыман чыккан тоскоолго чыдап, түтөмбү?

 

Күч үрөп күндө алдыга тынбай умтулам,

Толкунду жиреп сезимим кылыч курчуган.

Балыгың болуп калабы дешип шыпшынып

Жээгиңде сенин тамаша кылат канча жан...

 

26

Ышкыңа сенин күйбөгөн пенде бар бекен?

Кош өрүм чачың-куюлган дайра желкечен.

Ажардуу карап азгырып, арбап сүйлөйсүң,-

Сурайыл болбо суктантып жерге бир келген.

 

Бадам көз сулуу бал ачып тилим байладың,

Жоголду менин бейпил түн, жыргал, майрамым...

 Акмарал болуп өзөндө жүрсөң суйкалып,

Айдыңдуу тоодо айгайды салган Кулжамын.

 

27

Коюнун жаннат -жаннаттан куудуң неге сен?

Ыраңым азып керсары болду. Hyp элем.

Суусунум кандыр, боз чөлдө жатам акактап,

Периштем келчи алты кат асман түбүнөн?!

 

Оозума тамыз замзамдын суусун, өлбөйүн!

Жаныма батты, кымчы бел, сенин даргөйүң...

Таарипи кылып дубанга атың таанытсам,

Кабарың келди: "Карааның эми көрбөйүн..."

 

28

Зардабиң тийди, арз-аваз кылып жүрчү элем.

Бар беле өчүң, кусага баттым белчемен.

Сыпайы басып, минайым сүйлөп бурма көз,

Муунтуп салдың мусапыр жанды мынча сен?

 

Дулдулдай чуркап дуулаган күндөр кана эми?

Бүттүбү эрте жаштыктын бийи, аземи?

Бир кече күлүп, бейдарек кетип жоголдуң,-

Сунамын кимге ыр-шарап толгон кесени?

 

29

Терсаяк дешти. Сен үчүн болдум терсаяк.

Желмаян сындуу артыңдан жүрдүм жан сабап.

Шамчырак болуп күйбөдүң менин жолумда,

Билбеймин дагы жүрөгүм канча жанчылат?

 

Күн сайын угам дос-тууган айткан жемени,

Жарылып кетпейт канткенде чыңайт жер деги?

Келбедиң, мына Нооруз ай өттү, эл-журтка

Мен кантип берем сүмөлөк салган шернени?

 

30

Баратсам жолдо атыңды миң сан күңгүрөп,

Бирөөлөөр айтат: "Делбе ооруу болгон өңдөнөт."

 А балким туура... Каяктан алар билишсин,

Көчөдө чарт деп алоолоп күйсө кызыл өрт...

 

Ѳчүрөт кимдер, жардамга кимди чакырам?

Чакырсам дагы ишенет ага кайсы адам?

 "Тамаша кылба!"- деп коюп өтүп кетишет,

Тамаша болуп калганбы сүйүү, эй, жаран!?

 

31

Айтышат:  "Пейли башкача, басах суйсала...

Боёлгон кашы, кирпиги анын сурмага.

 Аягы суюк аялга окшойт, байкагын..."

Бул сөздүн баары көралбай айткан кур жалаа!

 

Тымызын сага канчасы салды кылтагын,

Сыр бербей коюп колунан чыгып буйтадың.

Мен билем сени -перзаттык кыял, мүнөз бар,

Сүрөтчү болсом Жаконда кылып тартамын...

 

32

Ашыктык ырды жазгандан неге чарчабайт?

Акындар деги соо жанбы, бурбай чыныңды айт?"-

Деп калды бирөө. Башкасы сөздү улады:

 "Жаз келген сайын акындар тынбай чымындайт.'"

 

Өмүрү сүйүп көрбөгөн жанга айла жок.

Көөдөнүм менин тербентчү жерди жанар от.

Соо болбой калгам жолугуп мага осмо көз,

Жарадар болгом жүрөккө тийип кумар-ок.

 

 

33

Түшүмө кирдиң. Жоорутам кимге? Башым маң.

Эмне дейт капыс сырымды билсе башка жан?

Жоорутуп алсам болот го. Бирок негедир,

Айтууга дагы айбыгып ичтен коорунам.

 

Төлгөсү ушул: келесин мага бир күнү,

Угамын кайра гүл ачкан шыңгыр күлкүңү.

Ошондо бардык душманым оозу жап болот,-

Ыргыткан сайын чүкөмдүн түшөт айкуру...

 

34

Көңүлүм кирдеп ачылбай койду. Алымды

Сураган жан жок. өпкөмдөн болдум кагынды.

Төшөктө жатам ысытма чыгып жөөлүткөн,

Унутуп бардык ордолуу очок, тагымды...

 

Үнүңдү уксам -шарт этип туруп кетмекмин.

Көздөрүң-даары, эргиткен жанын эркектин.

Жарыгың төгүп ачып сал эшик, терезе,

Санаага баткан үйүмдү келип желдеткин.

 

35

Кызылы оңуп саргайган сымал кездеме,

өмүрдү өтөп өлөбүз акыр биз деле.

Жалының өчүп, шамалга учкан күл калат,-

Эстетет бизди айылдын чети -боз дөбө

 

Ким айтат шондо мендеги сүйүү арманын,

Арманың түшкүр, жүрөктү тилип, жарганын.

Дагы эле көктө жылдыздар күйөөр баркырап,

Булбулдар сайрап эзелки ырын -жаржарын.

 

36

Жаныңа медер бек тутуп бүл-бүл үмүттү

өтпөсө эгер өмүрүң азап, күйүтүү,

Оо, анда, досум, сезбедиң сүйүү кунарын,

Сен үчүн сүйүү-ачылбай калган тунук күү.

 

Ал күүнүн терең деңиздей болгон шору бар.

Палвандар гана бел байлап тике жолугаар.

Кууралга чыдап жыргалын көрсөң нак сүйүү, 

Чыдабай кетсең -жадыбал болгон жомок ал.

 

37

Сени деп ырдап дилимди төгүп чачылдым...

Алчадай гүлдөп азгырып мени ачылдың.

Ширелүү, таттуу, кыярып бышкан мөмөңдүн

Даамын таттыр-күүгүмдө келем жашырын.

 

Мөмөңдө күндүн ысыгы, жердин күчү нык.

Көргөндүн баары жегиси келет кызыгып.

Дүйнөнүн жалгыз туткасы, жаным, сен белең?

Түгөндү айлам күн сайын көңүл бузулуп...

 

38

Көк теңир берген жамгырым болчу, нөшөрлө!

Соолумай болду көчөтүм чындап бу күндө.

Аптаптан талаам какырап жатат, кан жүгүрт,

Ырайым кылгын какшаган алсыз жүлүнгө.

 

Зарыгып күтөм, тамчыңды мөлтүр аяба!

Чактырба мени кара курт менен чаянга.

Кусага батып караймын көктү, тезирээк

Сен келчү болсоң шамалың жибер, аянда.

 

39

"Ѳзүңө эмес, ырыңа куштар болдум",- деп

Эмне үчүн мага сөз айттың экен эркелеп?

Ырымды сүйбѳ, пар келем жаштык отуна,

Оюңдан мени чыгарып салба эртелеп.

 

Назарың салгын -жигиттик доорум күчүндө!

Таппайсын мендей эзели өңү-түшүңдө.

Ырымды жаттап миң жолу айткын, а бирок

Бир жолу менден эркектик бедел түшүрбө!

 

40

Кармалбайт үмүт мелт этип ээрип кар сымал,

Жаштыгым кетти -жүгөнүн үзгөн аргымак.

Сен кайдан келдиң жүрөгүң ырга жык толуп,

Нурданат көзүң, нес болуп калдым дабдырап...

 

Уюган канды жашартып селдей агыздың,

Чагылган сымал өрттөдү жанды тамызгың...

Койнунда жаткан бир аруу түндүн күнү үчүн,-

өмүрүм жетпейт, кыямат бою карызмын.

 

41

Капкара чачын акактай төштөн агылган,

Дайрабы деймин... Мас болуп калгам, жаңылам.

Шурунда менин көздөрүм калды от болгон, -

Авазым калды жалбарып улам жалынган.

 

Алакан отум калды окшойт сүттөй денеңде,

Кылыкты үрдөн үйрөндүң беле Эдемде?

Бийлесең бийле, ырдасаң ырда, сүйсөң сүй,-

Бар менде сени кадырлап алчу керенге.

 

42

Айтасың: "Бекер жолуктук минтип экөөбүз.

Тез тарап кумар, жалбырттап күйбөй өчөбүз..."

А балким туура бул айткан сөзүң. А бирок

Тагдырды буйтап биз кантип кыйгач өтөбүз?

 

Ансыз да айып сөз болдук далай дубанга,

Жолукпай койчу калбады бизде түк арга.

Мас болгун, бирок эртеңки күндү эстебе,-

Баш отуң менен кирип кет, жаным, кумарга...

 

43

Арманы бүтпөс-адамдын тирүү  кезинде,

Кумары бүтпөс туш келсе улуу сезимге.

Албасам экен өчүрүп сенин ышкыңды, -

Күн-түнү басып жүрөмүн бычак мизинде.

 

Караган бардык көздөрдөн жаман шектенем,

Көз мончок тактым, таптакыр аны чечпе сен.

Ысытма кылып дубалап коюп жүрбөсүн,

Башканын сунган шарабын алып ичпе сен.

 

44

Жиндимин же бир акмакмын -анык билбеймин.

Эмне үчүн сени сабырдуу, салкын сүйбөймүн?

Эмне үчүн өңдөн керсары болуп аздым мен?

Эмне үчүн жанга мынчалык батты даргөйүң?

 

Мынчалык неге далбастап чуркап күйүгөм?

Не майнап чыкты, не дөөлөт таптым сүйүүдөн?

Билемин бирок сен чанып кеткен мүнөттө,

Абасыз калган адамдай туйлап мүрт өлөм...

 

45

Күү менен сүйүү нашли бирге бүткөнбү?

Жалаажын үнүн укканда өзөк өрттөндү...

Ыргактар бизге сыйкырдуу канат байлады,

Учуруп жерден оп тартып кетти өктөмдүү.

 

Сыбызгып аккан куунун биз эми кулубуз,

Ааламга тарап бараткан суйуу нурубуз.

Каалаган адам чечмелеп алсын дит багып,-

Жуурулуп кетти куу менен биздин сырыбыз.

 

46 "Бакыттан корком, көз тийет,- дейсиң, -кокустан".

 Ким сени мурда мынчалык катуу чочуткан?

Коркпогун эми карай көз, жийде бурагым,

Кан кусуп калсын көз аткан сага чоочун жан.

 

Кааласаң өргүн, кааласан жайгын чачыңды,

Шарактап күлүп, көтөрүп баскын башыңды.

Ашыктык нурга албарып турсун жамалың,-

Түйшүккө салып талма ооруу кылгын касыңды.

 

47

Балакет басты, кабагың түшкөн салаңдап,

Көңүлүң таппай күйпөктөп жүрөм кур, жалак.

Кай жактан келди мынчалык муздак желаргы,-

Кетти экен мени ушактап сага кай жалап?

 

Түгөнсүн баары, кызганып бүттү бүт калаа,

Муңайым болуу жарашпайт экен түк сага.

Жашырбай айтчы, башканы сүйүп калдыңбы?

Кантемин анда? Маскара кылба, маскара!

 

48

 Муздасаң кокус "Сүйбөймүн мен!" - дел чыныңды айт,

Сүйүүгө эч ким ээлик кылып чыга албайт.

Кайыптан келген адамга ал бир чоң дөөлөт, -

өзүмчүл байкуш керпенде гана чырылдайт.

 

Күрпүлдөп аккан дайраны тосуп болобу?

Тизгиндеп көрчү карарган катуу бороонду?

Кишенде мейли, орго сал, кама тузакка –

Жүрөктө сүйүү бүчүрүн ачсын оболу...

 

49

Ѳзүмө өзүм калп айтам, сени келет деп.

А сыртта жамгыр токтобойт такыр көнөктөп.

Буулугуп чыктым... Жетишпейт аба... Сен жазган

каттарды окуп жатамын муюп, өбөктөп...

 

Мынчалык сөздү сен кайдан жүрүп тапкансың?

Шумдугун кургур түбү жок терең асмансың...

Бир туруп мага периште болуп көрүнүп,

Бир туруп митаам, амалы, күчтүү мастансың...

 

50

Канча өлүп, канча тирилсем дуба кыламын:

Өзүңдү  дайым туш кылсын мага кудайым.

Чөп болсок дагы жанаша өсүп гүлдөйлү, -

А чымчык болсок учалык бирге ылайым...

 

Бейажал кырсык бөлбөсүн бизди азадам,

Жанымда жүрсөң өзүмдөн өзүм тазарам.

Зыярат кылчу аралым сенсиң ааламда, -

Күнү учуп такыр абийирден кетти бу заман...

 

51

Ашыктык гана тербентет жашоо парасын,

Кумарың болсо жылдыздай жарык жанасың.

Канчалык түйшүк чырмаса дагы башыңды,-

Кайнаган отко солк этпей кирип барасың...

 

Коломтоң, үйүң, босогоң, төрүң, бүт баары,

Ашык жар болсо кадыры башка кут даарып...

 Дүйнөгө түркүк болом деп жаның сабаба,-

өлүмдөн калат махабат гана куткарып...

 

52

Түшүмө кирдиң-бадана көйнөк, баргек чач.

Арзууда калдым ойноктоп турган осмо каш.

Бейкүнөө жанды, бейиши болгур, мынчалык

Мусапыр кылып мүшкүлгө салган жарабас...

 

Опколжуп жүрөк ордуман турам болуп дак.

Агарган нурун айнектен төгөт багымдат.

Не айла табам? Парасат, баам түк жетпейт...

Ѳзүңдү ойлоп жан дүйнөм туйлап арасат...

 

53

Мартабаң канча? Мейли бол машкүр машайык...

Алдыңдан чыкса сырдана чүрөк кашкайып,

Парвана болуп кетериң анык. Жүрөгүң

Мухитте калган жападан жалгыз жел кайык...

 

Дүйнөнү безип карабай кызыл-агына,

Мен жетсем деймин гулбурак жашыл жазыңа.

Кырк жашка кирдим. Өмүрдү берсем мунасып,

өзөктү өрттөп бир күлүп койгон назыңа...

 

54

Саркеште жоолук саратан түнү берди элең,

Сейдана мончок жытыңды жыттап дембе-

дем Үзүрүн көрдүм жаштыктын оттон жаралган...

Ошондо неге тумчугуп калып өлбөгөм?

 

Седебин акак, чачбагың күмүш шыңгырап,

Тургансың менин койнумда ээрип,. тунжурап...

Бүт баары тарап жоголду туман сыяктуу,-

Олтурам жалгыз. Үлүңдөйт үмүт-шам чырак.

 

55

Гиластар аппак гүлдөдү... Сен жок ашыгым.

Кунаба болуп кылыгың эстеп ташыдым.

Делгирип турам астана аттап кирсе деп,-

көзүмөн учат көйкөлүп баскан басыгың...

 

Келбесең эгер гиластын гүлү төгүлөт,

Азиз жан турбайт, денеңден бир күн бөлүнөт...

Бу жалган дүйнө, мен эми сездим бир гана

Үнүңдө сенин үлбүрөп өсөт мээр чөп.

 

56

Кат-кабар бербей бейдарек кеттиң, мунуң не?

Жеңилди оюм сарсанаа терең иримге...

Назигим сенин анделек жытың бур этип

Ак маржан колуң оролду кайсыл ийинге?

 

57

Бир паска муздап баданим, чачым тик турат...

Кызганыч чуркайт канымды бойлоп чыркырап.

Жигарим эзип, жиликтеп бүтмөй болдуң го,

өлтүргүң келсе канжарды карма курчураак.

 

59

Кылыгың кымбат, наркыңа жетпейт миң дилде.

От болуп көзүң, эринге эрин тийгенде

Унутам баарын... Калакат кылба калакат,-

Жанар тоо болуп жарылып кетсин бу дүйнө!

 

Сүйүү бу өзү кудайдын үнү жаңырган,

Авазы мукам күү болуп аккан каныңдан.

Пендеге берген ырыскы-кешик, олжо бу,

өмүргө шерик чартылдап турган чагылган...

 

60

Сыйкырдуу бир күч, балээси бар го сыягы,

Акылым жетпейт, ааламга сыйбайт ыргагы.

Жек көрүп бир күн кетейин десем, кайрадан

Жылаажын болуп шыңгырайт сүйүү кылдары...

 

Мемиреп бирде, кыяндай бирде күркүрөп,

Жашоонун нугун түбүнөн бери көңтөрөт.

Ыр-чыры бүтпөйт... А балким накта сүйүүнүн

Маңызы ошол карасы, агы тең жүрөт...

 

61

Бир күлүп койсоң бир өмүр сыят күлкүңө.

Эркеле мага, жаштыкта жанар не күнөө?

Эриниң эмне, тумчугуп кеттим тумчугуп,

Чыдабай кетип баратам кумар өртүңө...

 

Кыямат жолдо кыйышпас болгун алдабай,

Жолугат бизге азгырык, шайтан бир далай.

Оролу  келген орошон опол от кезди,

Жоготуп ийбей тагып ал күмүш сыргадай.

 

62

"Бул сокур сезим. Ургаачы менен эркекти,

дүрбөтүп коюп бир келди дагы бир кетти",-

деп айтат бирөө. Ишенбейт сүйүү барына.

Кудая тообо, оозандк кантип бул кепти?

 

Ал кайдан келди мына бул жарык дүйнөгө?

Карады неге агарган таңга, күн гүлгө?

Сүйүүсүз калган пендеден корком, капилет,

Шамшарын уруп коебу деймин жүлүнгө...

 

63

Ашыктык касам ичпеген, карып болбогон,

Пенделер жүрөт оромпой тээп ойногон.

Бир түнкү жаткан шуркуя менен сырдашып,

Аруулук барын эсине алып койбогон.

 

Билишпейт сүйүү май кылып матап келерин,

Буудайык сымал буйтатпай бура, теберин..

Корустөн бодбой күн көрүп тируу жүргөнгө,

Курчутса боло сүйүүгө бүлөп жүрөгүн..

 

64

Дегдетип көңүл, эргитип жанды ээриткен,

Кумар коз пери жолуктуң мага неликтен?

Тилимди байлап дубалап койдуң сыягы,

Күлкүңдү кошуп чөйчөккө куюп шербеттен...

 

Бараткан жолдун багытын таппай жаңылдым,

Ичимен түтөп балакет сырга кабылдым...

Калтардай булт деп карматпас болуп кетсең не,

Капилет жерден күүлөрүң мага жаңырды.

 

65

Жер чийген кара чачыңа ашык боддум мен,

Сүймөнчүк менен аземдеп абай өрүлгөн.

Сен кантип аны өстүрдүң экен таң калам,

Уктасам түштөн, ойгонсом кетпейт көңүлдөн...

 

Оролуп жатсам бейиштин төрү жыттанат,

Лаззатка батып, жүрөктүн чери бук та pan...

Башкага сендей буйруган эмес узун чач,

Көргөндүн баары кылчая карап суктанат...

 

66

Сен билсең эгер сен азыр такыр башкамын,

Ашыктык ырга башымды коюп таштадым.

Бирөөгө жаман кылапат ойдон алысмын,

Ошентсем дагы көбөйүп барат душманым...

 

А балким сени купуя сүйүп өрттөнүп,

Жүрүшкөн чыгаар заарын мага өткөрүп.

Мен жазган ырдан заманы куруп, кумсарып,

Даабай сага, ичинен мени жек көрүп...

 

67

Махабат эмне? Сыйынып көккө Тедирге

Жалынып турду багымдат менен инирде.

Куткарып жанды ыплас, пастык илдеттен,

От менен суудай таптаза болу у дилинде.

 

Ыйыктар менен жуурулуп кетүү, бир болуу,

Эргүүнүн бийик чегине жетип толгонуу.

Күнөөңдү жууп периште келсе бет маңдай,

Бергени ошол кудайым сага олжону...

 

68

Даранын ичин жаңыртып шумдук күңгүрөп

Дайрадай аккан канымда туйлап күн жүрөт.

А сенин денең талаадай кѳшүйт  мемиреп,

Илебиң гүлдүн таажысы сымал үлбүрөк.

 

Дүйнөнүн тутка, базары бизбиз шу тапта,

Бир бүтүм болуп айкашып кучак кучакка.

Ай-аалам бейиш,тирүүлүк не бир керемет,

Обо эне жеген алмалар бышат бутакта...

 

69

Чыгашам арбын, тайыздап барат кирешем,

Алтын баш аман, уютку журтум, эл эсен.

Ашыгым сейин койнуңа кирсем төгүлөм,

Жанымды берем менден жок ашкан берешен.

 

Күчүмө толуп бакыттын чыгам төрүнө,

Канатым бүтүп, дөөлөтүм ташат көрүнсө.

Жандүйнөм сууруп карматып койсом колуңа,

Кут келип шондо конгонсуйт менин төбөмө...

 

70

Чарчадым дебе сүйүүдөн адам чарчабайт,

Чыйралып бою, жүзүнөн кайра нур тарайт.

Түбөлүк кыймыл, түгөнбөс түйшүк жетелейт,

Дем алып калсаң өмүрүң тозуп тыркырайт.

 

Андыктан бирге кыямат жолдо токтобой

өтөлү, жаным, үлп эткп өчүп жок болбой.

Жыл сайын бийик жайылып өссүн шагыбыз,

Көралбас куйту түбүнө анын от койбой...

 

 

71

Жүзүңдү көрүп муунум бошоп сурдөдүм,

"Суу жүрөк кандай жигит?"- деп мени жүрбөгүн.

Тосулду жолум, каптады тоодой толкундар,

Айланды тозок отуна бейпил түндөрүм...

 

Дегдечү болдум көрсөм деп сени дембе-дем,

Атаандаш чыкпа Эдемде жүргөн ур менен.

Жер көчүп бара.т-колуңду сүнүп тартып ал,

Удургуйт каным, көңүлдү басты дүрбөлөң…

 

72

Кордугуң курсун! Бул кордук эмей эмине?

Жаздыгым жалгыз, сагыныч кыйнап тереңде

Узатам күндү кыпкызыл чокко айланып,

Келбейсин неге? Көңүлдөш бирөө бар беле?

 

Жанар тоо элем, сен неге менден муздадың?

Сүйүүдөн бийик ак сарай курдук, бузбагын!

Душманга мени сатпагын ачып койнуңду,

Тепселип майкан болбосун гөзөл гүл багың...

 

73

Ким ойлоп тапкан чечилбес, сырдуу түйүндү?

Жалбырак сымал канча өмүр менден кубулду...

Жаштыгым кетти, көзүмдүн качты курчтугу,

Жоготтум шыңгыр коңгуроо, коңур үнүмдү...

 

Каржала түштүм, каңырык түтөп дал болом:

Махабат зындан-темир тор менен тордолгон.

Кайсы кун бошоп азаттык алам, катыгүн!

Түйүндүн учу түбөлүк, түпсүз жоголгон...

 

74

Кабарың бербей жүрө тур бир аз... Салкындап

Муздаган көңүл курчусун кайра жаркылдап...

Сагыныч өрткө айланып кетсин кайрадан,

Жүрөккө жүрөк жаштыктын демин тартуулап!

 

Ай өтпөй мына дардисар болуп дегдедим.

"Келсин!"- деп кабар жибердим, бирок келбеган!

Шамшардай сезим уктатпай койгон маалда,

Дарегиң бергин, койнуңа барам мен сенин.

 

76

Кудайым сени туш кылган мага, буйруган 

өзүндөй жарды берсе деп далай сыйынгам.

Күнөөдөн мени тазалап эргүү канат бер,

Акактай тунук актыкка өтсүн жан-ыйман...

 

Ыплас майда көнүгө тийген илдеттен

Оолактап алыс жашайлы жаннат, көлөкөм.

Кокустан мурда көз жумуп кетип баратсам,

Ысыгы калсын илебиң соруп бир өпсөм...

 

77

Айтканың ырас жыйбадым дөөлөт, мансапты.

Өткөрдүм баштан дүйнөгө түнчү пурсатты.

Бир өзүң болдуң карманаар мүлкүм, так, таажым,

Ашыглык оту жандүйнөм бийлеп суусатты.

 

Ыйлаган ыйым, сүйлөгөн сөзүм, ой, мүдөөм,

Жаркыным сенин чачыңа кошо өрүлгөн.

Сүттөй ак назик денеңе оттой жабышкан,

Жуурулуп кеткен .күлкүңө шыңгыр төгүлгөн.

 

78

Жабырдан башка апкелбейт түйшүк күнүмдүк.

Көр оокат тушап тизелеп ага жүгүндүк.

Калаада бөтөн муз чагып, көчө шыпырдык,

Чөкпөдүк бирок азгырып сүйүү, тирүүлүк.

 

Баарына көндүк. Бакыттын каздык кудугун !

Мүрөк суу таптык, ошонун эми кулумун.

Дың жерди бузуп көшөрүп тынбай айдадым,

Сенселип өсүп келатат сепкен уругум.

 

79

Ачылды көзүм. Махабат берген жыргал бу.

Ай-аалам мага ажарлуу болуп нурданды.

Шуудурайт терек, күмүштөй дайра шаркырайт,

Кызгалдак каптап алган бүт адыр, кырларды.

 

Бул дүйнө мынча көз тойбос болуп жаралган?

Кайда элем мурда? Баладан бетер таң калам.

Шыбырап айткан сөзүңдү угам "сүйөм" деп,

Сүйүүнүн улуу күчүнө ээрип арбалам...

 

80

Кыйбаймын сен*1 досума дагы душманга.

Жараткан, айдай кыянат күнгө туш кылба!

Билемин, биздин сүйүүгө ичтен кызганып

Айрымдар бурчтан коюшуп келет буктурма.

 

Күнүгө башка, өзгөчө мага мамилең.

Жылдызың жанып, миң сырды туям үнүңөн.

Буралып бассаң ак марал, ак куу кеп бекен,

Калтырып сени мен кантип кетем дүйнөдөн?

 

81

Маңызын билбей маң болуп дооран сүрүпмүн.

Сүйүүсүз жашап көлчүктү көл деп жүрүпмүн.

Курусун дүйнөң арзыбайт сокур тыйынга.

Көзүңдөн өптүр-дүрдүйнө ошол сүйүктүүм.

 

Ѳзүңсүн менин бейишим дагы тозогум,

Ѳмүрдү кыйып, өмүрдү чексиз созоорум.

Үлпөтүн көрүп ааламга сыйбай келемин,

Тоотуп койбой айың сөз-чаңдын тозогун...

 

82

Гүлзардай болуп кулпурат колун тийген жер,

Башканын жарын көрбөдүм сага теңелер

Ѳрүктүн гүлү күлкүңдөй болуп ачылды,

Нуруна балкып ойгонду жазда теребел...

 

Бүр ачкан жүзүм, алмалар менен шабдалы,

Колуңдун ысык мээримин туюп алганбы?

Дүйнөгө карайт көз караш менен сендеги:

Кумарлуу, нурдуу, өзгөчө сүйкүм, ыймандуу...

 

83

Сапарга чыксам: "Тезирээк келгин! Балдарың

Сагынып, ыйлап маземди улам албасын!"

Деп айткан сөзүң жаңыра берет күнү-түн,

Издеймин тынбай кайтуунун амал-айласын...

 

Сапардан келсем өрөпкүп, тердеп, чаң болуп,

Балдарым сыртта ойношуп жүрөт... Шам болуп

Бүлбүлдөп күйүп күтөсүң мени зарыгып:

"Келдиңби  аман! Кыйнаган жокпу ден соолук?!"

 

 

84

Маакулмун, мейли акмак де, арсыз пенде де,

Жараткан күбө, кетирдим ырас зор күнөө!

Актанып эмне? Жоготуп койдум эркимди

Туш болуп капыс бейтааныш дилбар өртүнө.

 

Көкнары берип койду окшойт, деле мас жүрөм,

Шукшуруп учам мелжиген мейкин үстүнөн...

"Өзгөрүп кеттиң... Не болду сага?" - деп айттың,

Жер карап түтөп, жоопсуз терең үшкүрөм...

 

85

Мен сени сүйүп өзүмө-өзүм сыйбадым,

Сыйбады жазган ырларга кумар, сырларым.

Дүйнөгө сыйбай дөлөөрүп кетип баратам,

Эл эмне дешет, кылчалык көңүл бурбадым.

 

Бул аалам мага тар болуп кетти. Шукшурган \

Канатым күүлөп жылдызга, көккө умтулам.

Көл болуп жатам жээкти улам жемирип,

Ѳмүрүң курсун булактай болуп жылчыган!

 

86

Жаштыгым төктүм алдыңа, дагын не керек?

Күйпөктөп жүрдүм жаныңда, дагы не керек?

Булбулуң болдум багында, дагы не керек?

Алоолоп күйдүм жалынга, дагы не керек?

 

Дарамет, шыкты өзүңө бердим жетеби?

Өмүрүм сайдым -кунуңа, жаным, өтөбү?

Олжобай менен Кишимжан сындуу ак сүйүп,

Капилет өлсөк кош терек болуп өсөлү...

 

 87      

Ким ойлоп тапкан ашыктык өртүн, кумарын?

Ок жеген мисал арыстан болуп куладым...

"Жан соога" - дедим ааламды жарып, кыямат

Күн келсе кантип бересиң кудай сурагын?

 

Убалы кимге бейкүнөө аккан канымдын?

Бооруң таш туруп моймолжуп неге кабылдың?

Жебенин учун чылапсың ууга, кантейин

Тагдырым экен колуңа түшүп багындым...

 

88

От көзүң, нуру төгүлгөн жүзүң, денең ак,

Буралып чачың келишкен мүчөң шыңгырап

Мас кылып турат жашоону мобу жандантып,

Кызганып тагдыр бир күнү сени сындырат...

 

Турпакка кантип айланып шондо кетесиң?

Сыйкырдуу кайсыл жол менен басып өтөсүң?

Апкаарып өлүм алдыңа басып келе албас,

Адашып балким табалбас сүйүү көчөсүн...

 

89

Шарабың барбы? Алып кел, -эркем?Бол бачым!

Үкөйлөп жүрүп өтүптүр акын Боогачын...

Барпынын көзү агыптыр Мөлмөл деп күйүп,

Мен сени ырдап сүйүүнүн таптым коогасын...

 

Шарабың куйгун, жарк этсин аруу жамадың,

Мас кылсын мени жийде жыт, акак тамагың—

Койнуңда сенин жүрөгүм сайрап безилдеп,

Ѳмүрүм өтсө арман ыр болуп каламын.

 

90

Жараткан менин күнөөмдү кечир!Сүйгүн деп

Кудурет бердиң -кубатым ташты күтүрөп...

Коюнун ачкан аялда күнөө такыр жок,

Лаззаттын бийик чегинде учкан көкөлөп...

 

Менде көп күнөө, кайсысын айтып кыйналам...

Бир нече балам төрөлбөй кетти, не кылам?

Жаштыкка шылтап-өкүмүн өзүм чыгардым.

Түшүмдө алар: "Аталап!"- келет артымдан...

 

91

Кокустан өлсөм дуба кыл мага шам жагып,

Сүйүнсүн жаным көзүңө карап арбалып.

Ыраазы болуп айнекте турсун телмирип,

Асманга учуп кеталбай улам кармалып...

 

Эскергин бирге өткөргөн жылды башыңдан,

Ыймандай сырың төк мурда менден жашырган.

Кечирип койгун, көңүлгө азар кетирсем,

Белиңди бууп кайгыга чөкпө, асыл жан!

 

92

Жандүйнөм кирдеп, сабырым чөгүп турганда,

Амалым түгөп эстеймин сени сырдаана.

Кабагым жаркып дене бой нурга жык толот,

Туш болом капыс туңгуюк, түпсүз жыргалга...

 

Бар сенде кандай касиет пенде билбеген,

Алыстан туруп эркимди элпек бийлеген?

Он сегиз миңдей ааламдын кай бир бурчунда,

Эринин тийсе-өлсөм да кайра тирилем...

 

93

Тагдырдан дейбиз. Келесоо экен тагдырың!

Байкадым кытмыр, пейили бузук, тардыгын.

Арамдык санап азгырып кетти өзүңдү,

Байлыгым соолуп, азыр мен карып, жардымын.

 

Куюнда калды өмүрүм, тапкан-тергеним,

Күнү ушул болсо ак сүйгөн байкуш пенденин,

Оо, анда менден кийинки келген урпактар,

Тагдырга митаам моюнду сунуп бербегин...

 

 

94

Ишендим бүгүн: өлүм жок, өмүр түбөлүк!

Жылдыздар күйүп, дарактар бүрдөп көгөрүп,

Дирилдейт сезим булактай кашка шыңгырап,

Жандүйнөң балкып махабат-нурга бөлөнүп...

 

Миң жылдап мурда жашагам ушул сезимде,

Кумарым канбай өпкөнүм сенин эсимде.

Ошондо деле туйлачу элең балыктай,

Ошондо деле азгырык күйчү көзүндө.

 

95

Алдыда канча ичер суу калды, күн калды,

Өлгүчө сүйүү азабын шордоп тартамбы?

Бүтөмбү муздап куураган жыгач кейиптенип,

Унутуп такыр күкүктөп аккан илхамды?

 

Ал күндү мага келтирбе, кудай! Махабат

Жан чыгар кезде жанымда турсун жакалап...

Колумдан карман жалбарсын мага жаным деп,

Чочутуп ийсин өлүмдү тикке жалт карап.

 

96

Капилет өлсөм дүйнөгө кайра жаралар

Миң түркүн жол бар, бир жолдун сыры табылаар.

Келермин мобу жарыкты сүйүп кумардуу,

Оо, жарык дүнүйө! Мажмунду мендей кабыл ал.

 

Кайрадан сүйүп өрттөйүн жүрөк, канымды,

Ичейин жыргап чыланган ууну, балыңды.

Оо, жарык дүнүйө! Бүт баарын кайра бере көр!

Жанар тоо кылып жараткын кайра жанымды.

 

97

Сагыныч кыйнап жүрөктү эзип жүдөттү.

Жек көрүп бүттүм сен түшкөн бардык сүрөттү.

Жылуулук бербей мөлтүрөп карап турасың

Мен өпкөн мобу эриниң соруп ким өптү?

 

Колдорум тийген чачыңды кимдер сылады?

Койнуңда кимдер нес болуп оонап, кулады?

Түк көргүм келбейт нурданып турган жүзүңдү...

Бейдарек кеттиң… Өмүрдүн качты кунары.

 

98

Жансырым менин, жападан жалгыз жанотум,

Миң сырдуу күлгүн-оюнуңду кайда жоготтуң?

Чырагдан элең, билигиң пастап калыптыр,

Капылет кайдан нуруңду кимге короттуң?

 

Сагындым сени, түк канбай койду кумарым,

Кайрадан кечип кетели сайдын тулаңын...

Тирүүлүк барда күүлөнөт жүрөк күкүктөй,

Кучагың жайгын муңайым тартпай, бурагым.

 

99

Канча жол бастык, өмүрдү канча короттук,

Не деген аруу жаштыктын өртүн жоготтук.

Сабырдуу болуп канча бел аштык кыялап,

Койбодук бороон, шамалдын күчүн тоготуп.

 

Сындырдык канча шарапка толгон ак чыны.

Эңседик бакыт, бакытың деги калп, чынбы?

Түгөнсүн дүнүйөң, керсейип мага кыр салып,

Таш бараң кылды, жүрөгүм ташка жанчылды...

 

100

Ак сарай салдым ыр менен көркөм, келишкен.

Эшигин ачсаң жаныңда болсун периштең.

Сүйбөгөн адам кирбесин аттап босого,

Арналган сарай түгөйлөр үчүн ээришкен.

 

Ашыглык кулу болгондор кылсын зиярат.

Дилиңде кетсин дил сырым менин уялап...

Акыркы демди алганча сүйгүн, болбосо

Сүйбөгөн күнүң-зилзала, анык кыямат!..

 

Теги:
25 April 2011

Немного об авторе:

... Подробнее

Ещё произведения этого автора:

МАХАБАТ САПТАРЫ

 Комментарии

Комментариев нет